2025-жыл эң ысык экинчи же үчүнчү жыл болуп калуусу мүмкүн

2025-жыл метеобайкоолордун тарыхында эң ысык экинчи же үчүнчү жыл болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу The Guardian басылмасы климаттын өзгөрүшү боюнча Европанын Copernicus кызматынын баяндамасына таянып жазды.
Copernicus’тин маалыматына ылайык, январдан ноябрга чейинки мезгилде дүйнөлүк орточо температура индустрияга чейинки деңгээлден 1,48 градуска жогору болду. Ушундай эле температуралык аномалиялар 2023-жылы да катталган. Ал жыл 2024-жылдан кийинки тарыхтагы экинчи эң ысык жыл катары белгиленген.
«Ноябрь айында дүйнөлүк орточо температура 1,54 градуска жогорулады. 2023–2025-жылдар аралыгындагы үч жылдык орточо көрсөткүч, балким, биринчи жолу 1,5 градустан ашат», — деди Copernicus кызматынын директорунун орун басары Саманта Берджесс.
Берджесстин айтымында, жогорку температуралар климаттын өзгөрүү темпи тездеп жатканын айгинелейт. Ал мындан аркы жылуулуктун өсүшүн чектөөнүн жалгыз жолу — парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу экенин баса белгиледи.
Copernicus’тин маалыматтары Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун талдоолору менен да дал келет. Аталган уюм 2015-жылдан 2025-жылга чейинки акыркы 11 жыл метеобайкоолордун 176 жылдык тарыхындагы өз-өзүнчө эң жылуу 11 жыл болгонун, ал эми акыркы үч жыл эң ысык үч жыл катары катталганын аныктаган.
2015-жылы кабыл алынган Климат боюнча Париж келишимине ылайык, өлкөлөр глобалдык температураны 1,5 градус Цельсийдин чегинде кармоого милдеттенме алышкан. Бул максатка жетүү үчүн келишимде парник газдарынын чыгышын олуттуу кыскартууга багытталган узак мөөнөттүү максаттар белгиленген.



