
Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу “Мурас” футбол мелдеши башталды.
Мелдешке өкмөт мүчөлөрү, маданият жана дин ишмерлери, ЖМК өкүлдөрү, соттор, аймактык жетекчилер, дипломаттар, медиктер жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышууда.
Оюндардын түз эфирин УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдарынан, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчалардан көрүүгө болот.
Видеодо «Президенттин командасы» менен «Аймактар» командасынын беттешинде Садыр Жапаровдун гол киргизгени тартылган. Оюн 2:0 менен жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек мелдеште төмөнкү 16 команда ойнойт.
- «Президенттин командасы»;
- «Аймактар»;
- «Билим»;
- «Ден соолук»;
- «Динамо»;
- «Достук»;
- «Журналистер»;
- «Коопсуздук»;
- «Көзөмөл»;
- «Өнөр»;
- «Спорт чеберлери»;
- «Фемида»;
- «Ыйман»;
- «Элчилер»;
- «Иш башкармалык»;
- «Юстиция».



