Чолпон Курманалиева көз жумду — НЕКРОЛОГ

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Басма сөз кызматынын жетекчиси, майор Азамат Тентимишевге апасы – Чолпон Курманалиеванын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу Abal.kg маалымат агенттигинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Чолпон Мырсалиевна Курманалиева 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү узакка созулган оорудан кийин 64 жашында каза болду. Чолпон Мырсалиевна алгачкы кесиптик жолун мектепте мугалим болуп, жаштарга тарбия берүүдөн баштаган. Кийин көп убакыт бою Бишкектин Ленин районунда социалдык кызматкер болуп иштеген. Ал жолдошу менен төрт баланы татыктуу тарбиялап, өстүргөн.
Урматтуу Азамат Мундузбекович, апаңыздын арты кайрылуу болсун, бул орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз. Апаңыз эң мыкты адам болгон; анын мээрими жана сүйүүсү, акылмандыгы жана даанышмандыгы силерге берилген. Апанардын руху сиздерди ар дайым колдоп жүрсүн. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун



