Арктикада абанын температурасы кооптуу рекорддорду кайрадан жаңылады

АКШнын Улуттук океандык жана атмосфералык изилдөөлөр башкармалыгынын (NOAA) жылдык климаттык баяндамасына ылайык, 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын сентябрына чейинки аралыкта Арктикадагы жер үстүндөгү орточо температура 1900-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан байкоолордун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.
Отчётто ошондой эле акыркы он жыл Арктика аймагындагы эң жылуу мезгил катары катталганы белгиленет. Адистердин маалыматына караганда, 2006-жылдан бери Арктика Жер планетасы боюнча орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эседен ашык ылдамдыкта ысып жатат.

Эксперттер бул көрүнүштү климаттын өзгөрүшү тездеп жатканын айгинелеген ачык сигнал катары баалашууда. Адистердин пикиринде, Арктикадагы жылуулуктун кескин өсүшү глобалдык экологиялык процесстерге олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.



