Дүйнө

Камбоджа Таиланд менен чек арадагы жаңжалда 18 адам каза болгонун билдирди

Камбоджа менен Таиланд ортосундагы чек аралык кагылышуунун кесепетинен 18 Камбоджа жараны каза болду. Бул тууралуу Камбоджанын Ички иштер министрлигинин баяндамасында айтылат, деп жазат «Khmer Times» гезити.

Министрликтин маалыматына караганда, 7-декабрдан бери кагылышуулардын курмандыгы болгон 18 бейкүнөө жаран, 78 адам жаракат алган, ал эми чек арага жакын провинциялардан 450 миңден ашуун тургун үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Баяндамада ошондой эле ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастарынын объектилери, анын ичинде байыркы храмдар жана башка маданий жана диний мааниге ээ имараттар, ошондой эле турак жайлар, мектептер, ооруканалар, мейманканалар, административдик имараттар жана көпүрөлөр сыяктуу жарандык инфраструктура зыянга учураганы жана талкаланышы белгиленген.

Камбоджа менен Таиланд чек арасында куралдуу кагылышуулар 7-декабрда ок атуучу курал колдонулуп башталган. Камбоджанын Коргоо министрлиги билдиргендей, таиланддык куралдуу күчтөр бир нече күн бою чек ара аймактарында провокациялык аракеттерди жүргүзүп, андан соң Камбоджанын позицияларын бутага алган.

Ал эми Таиланд армиясы чек арада биринчи болуп артиллериялык атуу аракетин Камбоджа тарап жасаган деп эсептейт. Бангкоктун версиясына караганда, таиланддык аскерлер негизги аймактарды көзөмөлдөө жана каршы тарапка зыян келтирүү максатында Камбоджанын аскердик инфраструктурасына сокку урган.

Тектеш кабарлар

Back to top button