Тагдыр. Кайын энем калыс эмес, келиндерди бөлүп турат

Саламатсыздарбы урматтуу аудитория менин атым аноним бойдон калсын, көптөн бери ичимде жүргөн бир көйгөйдү сиздер менен бөлүшкүм келди. Бүгүнкү мендеги көйгөй азыр көп үй бүлөлөрдө кездешсе керек.
Биз үй бүлөдө үч келинбиз. Кайын энем дайыма эле кичүү келинин бөлүп ага башкача мамиле жасай берет. А кызмат кылууга келгенде да аны коргоп көзүнө карайт. Биз улуу келиндерге баардык жумуштарды жасатып айрыкча конок келгенде тикеден тик турабыз. Балким силерде деле күнөө бар дейт чыгарсыңар. Биз дагы апа деп сыйлап оту менен кирип кирип күлү менен чыгабыз. Балдарды төрөп бердик, ысык чайын берип кезинде келин келгенге чейин карап жүрдүк. «Сен аларга кошулба баарын мага айт» деп ортого от жагып касташтыргандан эмне пайда.
Биз деле балдарынын артынан ошол үйдүн кыздарындай эле болуп калдык да. Айткандын оозун ыйлагандын көзү жаман деген кеп бар. Эгер үйдө кут ынтымак бакыт болсун дешсе дал ошол кайын энелер калыс болуп, баарына тең карап бооруна басканда турат да. Анткени апасынын кагып силккен мамилесин көргөн балдарынын да мамилеси өзгөрөт экен кадимкидей. Күйөөлөрүбүздү бизден бөлүп бир бөлмөгө кирип кечке сүйлөшүшөт, биз ошондо жөн эле кызматчы катары кабылданып калабызбы кандай?
Жашоода ак кара чогуу жүрөт, алдыда убакыт көрсөтөт баарын. Бир мезгилде кайын эне катуу ооруп калганда биз караган күндөр болду бирок аны милдет кылган жокпуз. Күйөөлөрдү тапкан ошол деп алды артына түшүп карадык. Операциядан кийин өзгөчө күтүм керек болду. Кантип ошол күндөр бат эле унутта калат. «Азыркы жаштар башкача» деп башкача мамиле жасашы керек экен. Эгер кайра ооруп калса ошол башкача жаштар бизчилеп горошогун төгүп жуунтуп карайт бекен….



