АКШ бийлиги грин-карт ойнотууну убактылуу токтотот

АКШ бийлиги грин-карт ойнотулган Diversity Visa (DV1) программасынын ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Министрдин маалыматына караганда, Браун университетинде ок атууну уюштурган Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы АКШга дал ушул Diversity Visa (DV1) иммиграциялык программасы аркылуу кирип, кийин АКШнын туруктуу жашоочусу макамын алган.
Ноэмдин айтымында, бул адамга өлкөгө кирүүгө уруксат берилбеши керек болчу.
Ошондой эле министр эске салгандай, 2017-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Нью-Йорк шаарында болгон террордук чабуулдан кийин визалык лотерея программасын токтотууну сунуштаган. Анда ИГИЛ террордук уюмунун мүчөсү DV1 программасы аркылуу АКШга кирип, жүк ташуучу унаа менен адамдарды сүзүп кетип, сегиз адамдын өмүрү кыйылган.
Кристи Ноэмдин билдирүүсүндө, президент Трамптын көрсөтмөсүнө ылайык, АКШнын Жарандык жана иммиграциялык кызматтарына (USCIS) жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан факторлордун алдын алуу максатында DV1 программасынын ишин дароо токтотуу тапшырмасы берилгени айтылат.



