Маданият

Бишкекте “Ак Илбирс” киносыйлыгын тапшыруу аземи өтөт

Бишкекте 30-декабрда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ак илбирс-2025» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, бул сыйлык өлкөнүн кино тармагындагы эң маанилүү профессионалдык сыйлыктарынын бири. Аталган сыйлык жыл сайын улуттук кинематографиядагы мыкты жетишкендиктерди белгилөө максатында тапшырылып келет.

Салтанаттуу аземге өлкөнүн алдыңкы кинорежиссёрлору, актёрлору, сценаристтери, операторлору жана кино тармагындагы техникалык адистер катышат.

Быйыл жеңүүчүлөр 12 номинация боюнча аныкталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button