Бахпурбек Аленов: Саламат Садыкова– маданий абийир феномени

Белгилүү журналист, акын Бахпурбек Аленов Facebook социалдык тармактагы баракчасына Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова тууралуу макаласын жарыялады.
Саламат Садыкова– маданий абийир феномени

Кыргыз элинин маданий тарыхында айрым инсандардын ысымы чыгармачылык жетишкендик менен гана эмес, улуттук руханий жүздү алып жүргөн миссиясы менен да өзгөчө орунду ээлеп турат. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова дал ошондой сейрек кездешкен феноменалдуу өнөр адамдарынын бири. Анын өмүр жолу менен чыгармачылыгы – жеке тагдырдын гана баяны эмес, кыргыз фольклордук өнөрүнүн дүйнөлүк маданий мейкиндикке ишенимдүү көтөрүлгөнүнүн айкын далили.
Кыргыз музыка маданиятында өз тагдырын өнөр менен бириктирип, жеке тагдырын улуттук тагдырдын бир бөлүгүнө айланта алган инсан – Саламат Садыкова 1956-жылдын 28-сентябрында Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында жарык дүйнөгө келип, атасын эки жашында, апасын тогуз жашында жоготкон болочок ырчы жетимчиликтин оор сыноолорун башынан кечирип чоңойгон. Бирок дал ушул тагдыр аны сындырбай, тескерисинче, ички сабырдуулукка, руханий чыдамкайлыкка калыптандырган. Мектеп жылдарынан тартып эле өзгөчө музыкалык шык менен айырмаланып, 1973-жылдан тарта Баткен райондук маданият үйүндө ырчы катары эмгек жолун баштаган. Райондук жана облустук сынактардагы ийгиликтери аны элге таанытып, жаш талант катары райондун сыймыгына айланган.
Кийинчерек турмуш шартка байланыштуу Талас облусунун Кара-Буура районуна көчүп келип, райондук маданият үйүнүн алдындагы «Жылдыз» элдик ыр-бий ансамблинде ырчы жана маданий методист болуп иштеп, кесиптик тажрыйбасын андан ары тереңдеткен. 1983-жылы Польшада өткөн эл аралык маданий фестивалда Кыргызстандын «Жылдыз» ансамбли СССРдин атынан катышып, 2-орунду ээлеп, «Күмүш балта» (Серебряный Топор) сыйлыгына татыган. Дал ушул фестивалда Саламат Садыкова комуздун коштоосунда Бектемир Эгинчиевдин «Кызыл гүл» ырын аткарып, эл аралык сахнадагы алгачкы солисттик жолун баштаган.
Бишкек шаарында 1988-жылы өткөн «Тогуз-Кайрык» республикалык фольклордук фестивалында өзүн эң мыкты аткаруучу катары көрсөткөндөн кийин ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук тобунун жетекчилиги тарабынан атайын чакыруу менен солист болуп кабыл алынган. Ошондон тарта анын чыгармачылык географиясы кескин кеңейип, АКШ, Япония, Франция, Италия, Германия, Түркия, Румыния, Кытай, Корея, Испания, Россия, Оман, Казахстан жана башка ондогон мамлекеттерде кыргыз маданиятынын татыктуу өкүлү катары тааныла баштаган.
Саламат Садыкованын үнү – табигый, тунук, терең жана мукамдуу. Ал жасалма вокалдык эффекттерге эмес, интонациялык тактыкка, ички демди туура пайдаланууга жана сөздүн мазмунун так жеткирүүгө таянат. Комуздун коштоосунда ырдоо – анын чыгармачылык стилинин негизги өзөгүн түзөт. Бул ыкма аркылуу ал кыргыз фольклорунун нукура жүзүн, улуттук музыкалык эстетиканы бүтүндөй жер шарындагы музыка угармандарына жайылтууга жетишти. Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып: 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты эң жогорку наамдары ыйгарылган.
Анын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерине кыскча токтолсок: 2010-жылы – Корея – «World Masters» эл аралык музыкалык ассоциациясы тарабынан уюштурулган «World Masters festival-2010» фестивалынаа катышып, 36 мамлекеттен келген эң мыкты музыка жана маданият чеберлеринин башын бириктирген бул фестивалдын ачылышында Саламат айым комуздун коштоосу менен элдик ыр “Паризат ой”, Токтогул Сатылгановдун “Алымканын” аткарып көрармандар тарабынан зор алкышка ээ болгон. Ырчынын чеберчилигине ыраазы болгон фестивалдын жетекчилери фестивалдын жабылышында ушул эле ырларды кайрадан ырдап берүүсүн өтүнүшкөн. Дүйнөлүк музыка чеберлери фестивалдын соңунда Саламат айымды баалуу белектер жана атайын кубок менен сыйлаган. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн атайын алтын медаль менен сыйланышы – анын чыгармачылыгынын эл аралык деңгээлде кеңири таанылганын тастыктайт.
Саламат Садыкова – кыргыз маданиятындагы жөн гана ырчы эмес. Ал – кыргыздын үнү, кыргыздын жүзү, улуттук фольклордун дүйнөлүк алкактагы маданий элчиси. Анын өмүр жолу менен чыгармачылыгы өнөрдүн адам тагдырын гана эмес, улуттун руханий абийирин да көтөрө аларын далилдеп турат. Бул – муундарга үлгү боло турган, мезгил сыноосунан өткөн улуу маданий мурас. Саламат Садыкова феномени – тынч үн менен түзүлгөн бийиктик. Кыргыз маданиятында Саламат Садыковадай инсандар сахнаны өзгөртпөйт, сахнанын маанисин өзгөртөт. Саламат Садыкова дал ушундай феномен. Ал ызы-чуу менен эмес, тынчтык аркылуу таасир эткен, убакытка баш ийбеген көркөм бийиктикти жараткан, сейрек кездешкен талант.
Феномен – бул жөн гана талант эмес. Феномен – коом өзү таанып, тандап алган көрүнүш. Саламат Садыкова кыргыз маданиятында жылдыз катары эмес, маданий чен-өлчөм катары кабыл алынды. Анын ырларын угуп жатканда көрүүчүлөр аткаруучуну эмес, нагыз таланттын өзүн көрүп, угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мына ушул касиет аны феноменге айлантты. Саламат Садыкованын үнү вокалдык мүмкүнчүлүктөрү менен эмес, ички тынчтыгы менен айырмаланат. Ал үндү угарманды өзүнө каратуу куралына айландырбайт, аны терең ойду ташуучу каражат катары колдонуп келет. Анын үнүндө шашкалактоо жок, күч көрсөтүү кездешпейт, жасалмалуулукту жолуктура албайсын. Бул үн угармандын эмоциясын качан, кантип ойгототконун угарман өзү сезбей калат.
Саламат Садыкованын репертуары да өзүнчө феномен. Ал ата-мекен, эл-жер, ата-эне, сүйүү, табият, санат-насыят темаларын камтып, кыргыз элинин дүйнөтаанымын, этикалык баалуулуктарын көркөм формада, музыканын коштоосу менен дүйнөлүк алкакта жайылтып келет. Ар бир ырда сөз менен обон тең салмакта берилип, угармандын аң-сезиминен орун алып жатканы байкалат. Ал ырларды популярдуулугу үчүн эмес, терең маани-маңызы үчүн тандап алганын көрөбүз. Ал аткарган ар бир чыгарма – адамдык абал, тагдыр, сабырдуулук, жоготуу, издөө, үмүт сыяктуу түшүнүктөрдүн көркөм формасын камтып турат. Ал аткарган ырларда тез унутулчу образдар жок, жеңил кайталоолор кездешпейт, убактылуу темалар жок. Ошондуктан ал аткарган ырлар доордон-доорго эч көөнөрбөй өтүп келе жатат. Саламат Садыкова кээбирөөлөргө окшоп – расмий түрдө мектеп ачпаса да, аткаруучулук маданияттын үлкөн мектебин түзгөн инсан. Анын мектебинин негизги принциптери – үндөн мурда – маанини, обондон мурда – сөздү, таасирден мурда – жоопкерчиликти камтып турат. Бул принциптер бүгүнкү күндө көп ырчылар үчүн эталон болуп калды.
Саламат Садыкова коомдук мейкиндикте дайыма эле көзгө уруна бербейт. Бирок анын жоктугу бат эле сезилип калат. Ал интернет булактарындагы социалдык тармактардын активдүү фигуранты болбосо да, коомдук аң-сезимдин орчундуу бөлүгүн дайыма ээлеп турат. Бул – маданий феномендин – көрүнө бербестен таасир этүү белгиси. Саламат Садыкованын эл арасында сүйлөгөн сөзү да анын үнү сыяктуу – ашыкча эмес. Ал сүйлөгөндө өзүн эмес, ойду алдыга сүрөп чыгарат. Эмоцияны эмес, сөздүн маанисин тандайт. Эффектти эмес, жоопкерчиликти көздөйт. Бул сапат бүгүнкү маданий мейкиндикте абдан сейрек кездешет.
Ар бир чыныгы, нукура феномен – убакыттан, мезгил сынынан коркпойт. Саламат Садыкованын ырлары убактылуу модага байланбайт, муун алмашуусунан коркпойт, эстетикалык баалуулугун жоготпойт. Бул – анын чыгармачылыгынын эң жогорку бийиктиги. Саламат Садыкова феномени – бул үн феномени эмес, маданий абийир феномени. Ал кыргыз маданиятында тынчтык аркылуу бийиктикке жетсе болорун, кыйкырыксыз эле улутка кызмат кылса болорун далилдеп берген орошон талант. Ал калтырган из – сахнада эмес, коомчулуктун ички угуу маданиятынан байкалбай, бирок терең орун алган. Ал калтырган мурас – сахнада эмес, коомдун руханий эстутумунда жашап келет!..
Журналист Бахпурбек Аленов



