Дарыгер жарандарды ойгонгондон кийин дароо кофе ичпөөгө чакырды

Гастроэнтеролог медицина илимдеринин кандидаты Евгений Белоусов жарандарды ойгонгондон кийин дароо кофе ичпөөгө чакырды. Ал бул суусундуктун биринчи чөйчөгүн ичүү үчүн эң ылайыктуу убакытты айтты берди.
Дарыгер түшүндүргөндөй, эртең мененки саат 6дан 9га чейин организмдин сергек болушуна жана табигый мобилизациясына жооп берген кортизол гормонунун деңгээли суткалык эң жогорку чегине жетет. Ошондуктан бул убакта кофе ичсе, адам өзүн анча сергек сезбей калышы мүмкүн.
«Андан тышкары, дал ушул сааттарда кофени үзгүлтүксүз ичүү кофеинге болгон сезимталдыкты төмөндөтүп, сергитүүчү таасирге жетиш үчүн көбүрөөк кофе ичүүгө муктаж кылышы мүмкүн», — деп эскертти Белоусов.
«Кофенин биринчи чөйчөгүн ичүү үчүн эң ылайыктуу убакыт — кортизолдун деңгээли табигый түрдө төмөндөй баштаган таңкы саат 9:30дан 11:30га чейинки аралык. Бул учурда кофеин физиологиялык ритмдерге тоскоол болбой, көңүл топтоону жана ишке жөндөмдүүлүктү эң натыйжалуу колдойт», — деди дарыгер.
Белоусов кошумчалагандай, айрым учурларда ач карынга кофе ичүү кооптуу болушу мүмкүн. Анын айтымында, бул суусундук ашказан ширесинин бөлүнүп чыгышын күчөтүп, гастрит, гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу же жара оорусунун белгилерин күчөтүшү мүмкүн.
Дарыгер кофени тамактангандан кийин 30–60 мүнөт өткөн соң ичүү сунушталат деп тактады.



