Маданият
Эртең Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздары катышкан концерт өтөт

Эртең, 31-декабрында саат 18:00дө Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык майрамдык концерт өтөт. Иш-чара чыныгы жаңы жылдык маанай тартуулап, алдыдагы жылга позитивдүү маанай берет.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерттик программа күтөт.
Бишкек мэриясы бардык жарандарды 2026-Жаңы жылды кубанычтын, биримдиктин жана майрамдык кереметтин атмосферасында тосуп алууга чакырат.



