Пайдалуу кеңештер

Диетолог жаңы жылдык дасторкондон калган тамактардын сактоо мөөнөтүн айтты

Диетолог Эдвания Соарес туура сакталган учурда жаңы жылдык дасторкондон калган тамактарды үч күнгө чейин коопсуз жесе болорун билдирди. Ал ар бир тамак үчүн так сактоо мөөнөттөрүн Metropoles басылмасына берген маегинде айтып берди.

Соарестин айтымында, эт тамактары, күрүч жана ар кандай гарнирлер үч күнгө чейин сакталат. Ал эми майонез кошулган тамактар муздаткычта болгонуна карабай 24 сааттан кийин эле бузулуп каларын дарыгер эскертти. Адис ошондой эле сүт колдонулуп жасалган десерттер 48 саатка чейин сакталса болорун кошумчалады.

«Эң негизгиси — той-тамактан кийин бардык тамактарды бөлмө температурасында эки сааттан ашык калтырбоо керек. Бул убакыт өткөндөн кийин аларды муздаткычка салуу зарыл», — деп түшүндүрдү Соарес.

Диетолог сактоо үчүн колдонулуучу идиштер сапаттуу айнек же пластиктен жасалып, курамында зыяндуу бисфенол А заты болбошу керектигин белгиледи. Контейнерлер бекем жабылышы шарт. Ал эми алюминий фольга идиштин үстүн жабууга жараганы менен, толук герметикалуулукту камсыздай албайт, деп тактады адис.

Тектеш кабарлар

Back to top button