Коом
6-январга карата аба ырайы

Бүгүн күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул билдирүүнү Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүйдө +6…+11,
Талас аймагында +4…+9,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10,
Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болсо,
Нарын жергесинде -6…-11 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +9…+11,
Ош калаасында +7…+9 градуска чейин көтөрүлөт.



