Чүйдүн тоо-лыжа базаларында 200дөн ашуун милиция кызматкери күзөттө

Учурда Чүй облусунда эс алуучуларды кабыл алуу уланууда. «Чункурчак», «Орловка», «ЗиЛ», «Нооруз», «Кашка-Суу», «Тоо-Ашуу», «Суусамыр» жана «Таатыр» тоо-лыжа базалары активдүү иштеп жатат.
Облустук ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кышкы эс алуу жайларында тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында ички иштер органдарынын 200дөн ашуун кызматкери тартылган.
«Лыжа тебүү — спорттун же эс алуунун бир түрү катары кооптуу. Жаракатты ышкыбоздор да, кесипкөй спортчулар да алып калышы мүмкүн. Коопсуздук эрежелери сакталбаса, эс алуу кайгылуу окуя менен аякташы ыктымал. Ушуга байланыштуу эс алуучуларды сактык чараларын көрүүгө жана өздөрүнүн, жакындарынын коопсуздугуна кам көрүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.



