Күн сайын муздак душ кабыл алуу терини жашартууга жардам берет

Сулуулукту сактоонун бул анча белгилүү эмес ыкмасын остеопат дарыгер жана медицинасы боюнча адис Пунам Десаи атаганын Daily Mirror жазды.
Десаинин айтымында, жашартуучу таасирге жетиш үчүн муздак суунун астында болгону эки-үч мүнөт туруш жетиштүү. Бул ыкманы жумасына бир нече жолу кайталап туруу сунушталат.
«Муздак душ бырыштардын санын азайтууга, терини ийкемдүүрөөк кылууга жардам берет. Мындан тышкары, ал стресстин деңгээлин төмөндөтүп, сезгенүүнү азайтат жана уйкунун жакшырышына да оң таасир тийгизиши мүмкүн», — дейт дарыгер.
Адис муздак душту же ваннаны үзгүлтүксүз кабыл алууну сунуштаганы менен, процедура узакка созулбашы керектигин эскертти. Ошондой эле, айрым адамдарга, мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары барларга, мындай жашартуу ыкмасы каршы көрсөтмө болушу мүмкүн экенин айтып, алдын ала дарыгер менен кеңешүүнү сунуштады.



