Коом

2026-жылы өлкө боюнча 20 миңден ашык ипотекалык батир пайдаланууга берилет

2026-жылы өлкө боюнча 20 миңден ашык ипотекалык батир пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, учурда жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр жерге 80 245 батир курулууда.

“2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулууда, алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр.

2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде: Бишкек — 6 323, Чүй облусу — 3 129, Манас — 3 219, Ысык-Көл — 2 266, Ош облусу — 1 458, Ош шаары — 1 454, Баткен — 1 420, Нарын — 433, Талас — 319 батир.

Ошентип, биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жерлеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн”,-деп белгиледи президент.

Тектеш кабарлар

Back to top button