Спорт

Жидда шаарында Кыргызстан – Сауд Аравия беттеши өтүүдө

Кыргыз футбол биримдиги маалымдагандай, оюн Сауд Аравиясынын Жидда шаарындагы Абдулла Аль-Файсал атындагы стадионунда өтүүдө.

Аталган биримдиктин президенти Камчыбек Ташиев футбол боюнча Азия кубогунун (U-23) Сауд Арабия – Кыргызстан беттешине күбө болууда.

Белгилей кетсек буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы U-23 бул жаш курактагы Азия кубогуна тарыхтагы алгачкы жолдомону камсыздаган.

Эске салсак, Кыргызстандын командасы «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Аравия менен бирге жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button