Коом

Сокулукта сафлор майын өндүрүү колго алынды

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлор майын өндүрүү багытында иш алып барууда. Аталган ишкана сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда. Маалыматты суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

«Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилди. Учурда чакан цех сафлор айдоону өздөштүрүп, өсүмдүк майын өндүрүү менен алектенип жатат»,- деп айтылат билдирдө.

Адистердин айтымында, сафлор 1 гектар жерден орточо 1 тонна, ал эми туура агротехникалык кароо жүргүзүлгөндө 5 тоннага чейин түшүм бере алат. Өсүмдүктөн алынган майдын чыгымы 40 пайызга чейин жетип, экологиялык жактан таза азык катары керектөөчүлөргө сунушталат.

Сокулук районунун ылдыйкы зонасында 50 миң гектарга жакын айдоо аянттары бар, анын жарымы кайрак жерлер. Буга чейин бул аймактарда негизинен буудай жана арпа өстүрүлүп келген. Бирок, сафлор өстүрүү экономикалык жактан бул өсүмдүктөргө салыштырмалуу кыйла кирешелүү экендиги белгиленүүдө.

Алдыдагы жылдары Айыл чарба министрлиги сафлор айдоо аянттарын кеңейтүүнү максат кылууда.

Ошондой эле фермерлерди жана дыйкандарды сафлор майын өндүрүүгө тартуу, заманбап үрөндөр менен камсыз кылуу, техника менен колдоо көрсөтүү жана продукцияны кайра иштетүүдөн тартып даяр товарга чейин жеткирүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Бул демилге аймактардын экономикалык өнүгүшүнө, айыл чарба продукциясынын диверсификациясына жана экологиялык таза азык-түлүк өндүрүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button