Коом
Каракол шаарында Karakol Winter Fair 2026 туристтик жарманкеси өтүүдө

Каракол шаарында салтка айланган Karakol Winter Fair 2026 туристтик жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык,иш-чара автовокзалдын имаратында уюштурулуп, анда улуттук тамак-аштардан даам татууга, сувенирлерди сатып алууга жана концерттик программаны көрүүгө болот.
Белгиленгендей, жарманке тоо-лыжа базасына келген туристтер арасында чоң популярдуулукка ээ.
Жарманкеде кол өнөрчүлөрдөн тышкары, азык-түлүк өндүрүүчүлөр да өз продукцияларын сунушташты.



