Эми АКШга виза алуу үчүн 15 миң долларга чейин күрөө төлөнөт

АКШнын Мамлекеттик департаменти туристтик же ишкердик B1/B2 категориясындагы визаны алууда визалык кепилдик (күрөө) төлөөгө милдеттүү боло турган 38 өлкөнүн тизмесин аныктады. Бул тууралуу Мамдепартаменттин сайтында айтылды.
Тизмеге Африка, Азия, Кариб деңизи аймагы жана Латын Америкасындагы мамлекеттер кирген.
Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан да камтылды.
Көпчүлүк мамлекеттер үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн бул талап 2026-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.
Визалык күрөөнүн өлчөмү 5 миң, 10 миң же 15 миң АКШ доллары болушу мүмкүн. Так сумма виза боюнча маектешүү маалында консулдук кызматкер тарабынан аныкталат.
Visa bond талап кылынгандар АКШга кирүүдө кошумча шарттарды да аткарышы керек. Тактап айтканда, алар өлкөгө алдын ала белгиленген эл аралык үч аэропорт аркылуу гана кире алат дешти. Алар Вашингтондогу Даллес, Бостондогу Логан жана Нью-Йорктогу Кеннеди аба майдандары.



