Нурсултан Кенешбеков Россияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү болду

Кыргызстандык Нурсултан Кенешбеков Россияда өткөн эл аралык жеңил атлетика турниринде жеңүүчү болду.
7-январда ал Екатеринбург шаарында өткөн Бүткүл россиялык «Рождестволук старттар. Э.С. Яламовдун мемориалы» аттуу мелдешке катышкан.
3000 метр аралыкка чуркоодо стартка 14 спортчу чыгып, кыргызстандык атлет 7 мүнөт 57,66 секунд жыйынтык менен биринчи болуп финишке жетти. Улуттук рекордго жетүүгө ага болгону 0,05 секунд жетпей калды.
«Сезондогу алгачкы старт. Бул мелдештер жумушчу режимде өттү, атайын даярдыксыз эле машыгуу базасынан кийин стартка чыктым. Сезон үчүн жакшы башталыш. Мындан ары ылдамдык гана өсөт. Улуттук рекордго болгону 0,05 секунд жетпей калды. Бул убакыттын гана маселеси. Иштей беребиз», — деп жазды спортчу социалдык тармактагы баракчасында.



