Коом

Nestle Кыргызстанда балдар тамак-ашынын айрым партияларын кайра чакыртып алууда. Себеби

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине «Forester» ЖЧКдан («Форестер») — «Nestle» компаниялар тобунун балдар тамак-ашы продукциясынын расмий дистрибьюторунан билдирүү түшкөн.

Ведомствонун маалыматына ылайык, берилген маалыматтын негизинде «Нестле Россия» ЖЧКсынын борбордук кеңсеси балдар тамак-ашынын айрым партияларын ыктыярдуу түрдө кайра чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган. Тактап айтканда, өндүрүш даталары белгилүү болгон NAN 1 OPTIPRO, NAN OPTIPRO 2, NAN EXPERTPRO, NAN 2 Optipro, PRENAN, NAN LACTOSE FREE товардык белгилери менен чыгарылган кургак тез эригич сүт, кычкыл сүт жана лактозасыз аралашмалар кайтарылууда.

Бул чара сактык максатында көрүлүп, «Nestle» компаниясы жүргүзүп жаткан балдар тамак-ашынын айрым партияларын глобалдык деңгээлде ыктыярдуу кайра чакыртып алуунун алкагында ишке ашырылууда.

Мындай чечим чийки заттан (арахидон кычкылы) цереулид токсини болушу мүмкүн деген потенциалдуу коркунучка байланыштуу кабыл алынган.

Расмий дистрибьютор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода түйүндөрүнөн көрсөтүлгөн партияларды алып салуу боюнча иштер башталды.

Ушуга байланыштуу депортамент керектөөчүлөргө колдонуп жаткан балдар аралашмасынын аталышын жана өндүрүлгөн датасын текшерүүнү сунуштайт. Эгерде ал кайра чакыртылып жаткан партияларга туура келсе, продукцияны колдонуу токтотулуп, аны кайтарып берүү үчүн расмий дистрибьюторго кайрылуу сунушталат.

Өндүрүүчүнүн маалыматына ылайык, кайра чакыртып алуу цереулид токсинин камтышы мүмкүн болгон партиялардын чектелүү гана санына тиешелүү.

Цереулид — Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдарын бөлүп чыгарган токсин. Ал жогорку температурага туруктуу болуп, кайнатууда бузулбайт. Цереулид көп камтылган продукцияны колдонгондон кийин кусуу жана ич өткөк сыяктуу белгилер байкалышы мүмкүн, булар тамак-аштан уулануунун же уй сүтүнүн белокторуна аллергиялык реакциянын белгилерине окшош.

Тектеш кабарлар

Back to top button