Коом

Белгилүү казакстандык актер Мурат Бисембин дүйнө салды

54 жаш курагында белгилүү казакстандык актер Мурат Бисембин дүйнө салды. Ал онкологиялык оору менен узакка созулган күрөштөн кийин көз жумган. 2025-жылдын декабрь айынын аягында артист инсульт алган.

Анын каза болгонун актердун кызы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Мурат Бисембин казакстандык көрүүчүлөргө кино жана сериалдардагы ролдору аркылуу кеңири таанымал болгон. Анын актердук карьерасы кино жана телекөрсөтүү тармагындагы жыйырмадан ашуун долбоорду камтыган.

Актерго эң чоң популярдуулукту «Рэкетир» тасмасындагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Руслан аттуу каармандын образы алып келген. Ошондой эле ал «Брат или Брак», «Сказ о розовом зайце» жана «Томирис» фильмдерине тартылган.

Кесиптештери жана күйөрмандары Мурат Бисембинди харизмалуу актер, казакстандык кинематографиянын жаркын өкүлү катары эскеришет.

Тектеш кабарлар

Back to top button