Коом

ИИМ батир уурулугунун алдын алуу максатында коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт

Ички иштер министрлиги жаңы жылдык эс алуу маалында батир уурулугунан сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы жылдык эс алуу мезгилинде көптөгөн жарандар шаардан же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, батир уурулук кылмыштарынын коркунучу жогорулайт. Кылмышкерлер көбүнчө турак жай ээлеринин узак убакытка жоктугунан пайдаланышат.

Батир уурулугунун алдын алуу максатында министрлик жарандарга төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

  • эс алууга кетээрден мурун кире бериш эшиктердин жана терезелердин бекем жабылганын текшериңиз, мүмкүн болсо кошумча кулпуларды орнотуңуз;
  • ачкычтарды почта кутусунда, килемченин алдында же башка оңой жеткиликтүү жерлерде калтырбаңыз;
  • мүмкүнчүлүк болсо, күзөт сигнализациясын жана видеобайкоо системаларын орнотуңуз;
  • коңшулардан же туугандардан батирди мезгил-мезгили менен көзөмөлдөп турууну өтүнүңүз;
  • социалдык тармактарда кетип жатканыңыз жана эс алып жаткан жериңиз тууралуу маалыматтарды алдын ала жарыялабоого аракет кылыңыз;

Мындан тышкары, турак жайды борборлоштурулган күзөт кызматына кошуу коңгуроо сигналдарына ыкчам жооп берүүнү камсыз кылып, мүлктү коргоо деңгээлин кыйла жогорулатат.

ИИМ жарандарды сак болууга жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактоо майрам күндөрүн тынч жана коопсуз өткөрүүгө, ошондой эле мүлкүңүздү сактап калууга жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button