Саясат

Зеленский АКШ бийлигин Рамзан Кадыровду Мадуро сыяктуу кармап кетүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ бийлигин Чеченстанга десант түшүрүп, анын башчысы Рамзан Кадыровду Венесуэланын президенти Николас Мадуро сыяктуу кармап кетүүгө чакырды. Бул сунушун Зеленский журналисттер менен баарлашуу учурунда айтканын «Страна.ua» басылмасы кабарлады.

Анын айтымында, мындай катаал ыкмалар Москвага басым көрсөтүүгө жардам бериши мүмкүн.

«Аларда (америкалыктарда) куралдар бар. Алар муну билишет. Эгер чындап каалашса, таба алышат. Эң башкысы — Украина алар үчүн артыкчылык болушу керек. Куралдарды таап, Россияга басым жасоо», — деди президент, андан соң Мадуро мисалын келтирди.

«Мына, Мадуро боюнча мисал. Операция өткөрүштү. Натыйжасын баары көрдү, бүт дүйнө көрдү. Тез жасашты. Эми ошол Кадыров менен да кандайдыр бир операция жасашсын. Балким, анда Путин муну көрүп, ойлонуп калат», — деп кошумчалады Зеленский.

Кадыров болсо Зеленскийдин АКШны аны Мадуро сыяктуу уурдап кетүүгө чакырышы украин бийлигинин «тынчтык жолу менен жөнгө салууну бузуу аракети» деп билдирди. Ал бул пикирин өзүнүн Telegram-каналына жазды.

Кадыровдун пикиринде, Зеленскийдин өзү эмес, АКШ бийлигин муну жасоого үндөгөнү ал өзүнө көңүл бурдуруу. Чеченстандын башчысы муну коркоктуктун белгиси деп эсептейт: «Коркоктук менен өзү четте калып, коопсуз аралыкта байкап туруп, аны таарынткан, коркунучтуу агасы Рамзан Кадыровду башка бирөө жазаласын дегендей ишара. Эми америкалыктардан жардам сурап жатат, курал-жарак менен жардам берген жоксуңар, анда жок дегенде Рамзанды уурдап бергиле дейт… Жүзүңдү сакта да, өзүңдү басынтпа. Эгер сенде аз да болсо эркектик намысың болгондо, сөздөрүң менен өтүнүчтөрүң канчалык басынуу экенин түшүнмөксүң», — деп кайрылды Кадыров украин президентине.

Ошондой эле Кадыров «душман биздин республикага кириши мүмкүн, бирок андан чыгып кетүү мүмкүн эмес» деп кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button