Окуялар

УКМК: Ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча Өзгөн РИИБдин 3 кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жаранга өзгөчө оор залал келтирүү жана Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Такталгандай, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн районунда милиция кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамда каралган процессуалдык документтерди тариздебестен мыйзамсыз кармап, Куршаб ПОМуна алып барышкан. Андан соң кармалгандарга карата физикалык зомбулук колдонулуп, анын кесепетинен алардын бирине өзгөчө оор дене жаракаты келтирилген. Тактап айтканда, оор жабык баш мээ жаракаты, мээнин көгөрүшү жана шишиги аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту жана 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту менен каралган кылмышты жасоого шектелип, Өзгөн РИИБдин «С.Х.», «И.У.К.» жана «А.А.» аттуу кызматкерлери кармалып, УКМК нын СИЗОсуна убактылуу кармоочу жайга (ИВС) камакка алынды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

УКМК жарандарды кайдыгер болбоого чакырат жана кызматтык ыйгарым укуктардан ашыкча пайдалануу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер боюнча маалыматтарды билдирүүгө үндөйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button