Россияда чет элдик жарандарга медкароодон өтүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартуу каралууда

Россияда чет элдик жарандарга карата жаңы эрежелерди киргизүү жана медициналык көзөмөлдүн деңгээлин жогорулатуу каралууда. Бул тууралуу орус басылмалары Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин Telegram-каналындагы билдирүүсүнө таянып жазышты.
Анда ал миграциялык саясат боюнча бир катар мыйзамдык демилгелер иштелип жатканын айткан.
Мында башкы жаңычылдык милдеттүү медициналык кароонун мөөнөтүн үч айдан бир айга чейин кыскартуу болууда. Бул процедурадан эми чет элдиктер өлкөгө киргенден тартып 30 күндүн ичинде өтүшү керек. Эгерде текшерүүдөн өтпөй калса, административдик жоопкерчилик каралып, айып салынат. Айрым учурларда сот өлкөдөн чыгаруу чечимин да кабыл алышы мүмкүн.
Ошондой эле жасалма медициналык маалымкатты даярдоого каршы күрөшүү жагын да киргизүү пландалууда.
Мигранттардын бардык текшерүүлөрүн жүргүзгөн медициналык мекемелер жыйынтыктарын Россиянын Ички иштер министрлигине кабарлап турат. Эгерде кароо учурунда жугуштуу оорулар аныкталса, депортация кылуу үчүн маалымдамалар Роспотребнадзорго жөнөтүлөт.



