Коом

Күндө ири жарылуу катталды

8-январда Күндө ири жарылуу катталганын Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

«Күндүн ортосунда ири жарылуу катталды — коронографтордон алынган сүрөттөрдө анын ар кайсы тарапка чачырап жатканын көрүүгө болот. Жарылуунун булагы Күндүн Жерден көрүнбөгөн арткы тарабында болгондуктан, азыр эч бир спутник тарабынан байкалган жок», — деп маалымдашты окумуштуулар.

Лабораториянын маалыматына ылайык, эки жума мурун, азыр көрүнбөгөн Күндүн тарабы Жерге бурулуп турган кезде, анда өзгөчө көрүнүштөр байкалган эмес, орточо өлчөмдөгү эки активдүү аймак гана болгон.

«Эгер жарылуу ошолордун бири менен байланыштуу болсо, анда анын багытына караганда, атылуу ошол маалда Күндүн көрүнүп турган дискинин оң жагында, экватордон төмөн жайгашкан тактар тобунда болгон (каталогдогу тобунун номери — 4321)», — дешти астрономдор.

Окумуштуулардын айтымында, жарылуунун болгон жерин көз менен көрүү мүмкүнчүлүгү болжол менен бир жумадан кийин гана пайда болот — тактар тобу Күндүн сол (чыгыш) жээгинен Жерге карай чыга баштаганда.

Тектеш кабарлар

Back to top button