Коом
Нарында электр энергиясынын кубаттуулугун 5 киловаттка жогорулатуу иштери жүрүүдө

Нарында электр энергиясынын кубаттуулугун 5 киловаттка жогорулатуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, облуста электр тармактар ишканасынын тейлөөсүндө жалпы 61 миң 200 абонент бар.
Акыркы кырдаалга байланыштуу жана абоненттерди туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында электр тармактарынын кубаттуулугун 5 киловаттка жогорулатуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик бул иштерди толук аткаруу үчүн 1-2 күн талап кылынарын кошумчалады.
«Техникалык себептерге байланыштуу этап-этап менен акырындап көтөрүлөт. Түшүнүү менен туура кабыл алууңуздарды өтүнөбүз», — деп белгилешти министрликтен.



