Окуялар

Чүйдө өз энесин уруп-сабап, кыйноого шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда өз энесин уруп-сабап, кыйноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Полтавка айылынын 40 жаштагы тургуну 44 жаштагы Ж.С. аттуу агасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызында 29-декабрга караган түнү агасы өз үйүндө 75 жаштагы энесин уктап жаткан учурда жаздык менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганын жазган. Жабырлануучу каршылык көрсөткөн учурда денесине бир нече жолу сокку урган.

Аталган факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн жубайы менен кат алышуулары текшерилип, анда энесин өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган. Ж.С. шектүү катары кармалып, райондук соттун чечими менен эки айга камалды.

Тергөө иштери уланып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button