“Yasar Dogu”-2026 турнири жыйынтыкталды. Кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңди

Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yasar Dogu”-2026 турнири жыйынтыкталды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль — 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.
Турнирдин жеңүүчүлөрү болуп 65 кг салмак категориясында Билол Шарип уулу жана 70 кг салмак категориясында Залкарбек Табалдиев аталды.
Күмүш медалга Осконбай Абдисаматов (65 кг) жана Малик Шаваев (86 кг) ээ болду.
Ал эми коло медаль ээлери — Баяман Керимбеков (57 кг), Рустамжан Кахаров (70 кг) жана Адилет Маратбаев (79 кг).
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү Яшар Догу, Вехби Эмре жана Хамит Каплан атындагы эл аралык күрөш турнири (Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan International Wrestling Tournament) Анталия шаарында 8-11-январь күндөрү өттү.



