Коом

“Мурас” комплексинде дагы 2688 батир убагы келгенде өз ээлерине берилет

“Мурас” комплексинде учурда курулушу жигердүү жүрүп жаткан 2688 батир белгиленген мөөнөтүндө өз ээлерине берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн аталган турак жай комплексиндеги 1080 батирди жарандарга тапшыруу аземинде айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, «Мурас» турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган 4754 батир куруу пландалган. Мында 2024-жылы 510 батир, 2025-жылы 476 батир курулуп, ээлерине тапшырылган.

“Комплексте бала бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар орун алып, заманбап жашоого керектүү бардык социалдык объектилер менен камсыздалган. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган аталган комплекстеги кезектеги батирлердин берилиши өлкөбүздөгү турак жай саясатынын туура багытта ырааттуу ишке ашырылып жатканынын далили деп ишенимдүү айта алабыз”, — деди президент.

Тектеш кабарлар

Back to top button