Окуялар

ТИМ: Мальтада каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгүн мекенине кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатат

48 жаштагы кыргызстандык аял Мальтанын Сент-Джордж булуңунда кырсыктан каза болгон. Бул тууралуу Times of Malta басылмасы жазды.

Окуя жекшемби күнү саат 12:40 чамасында болгон. Аял деңизде 23 жаштагы кыргызстандык кыз менен бирге сүзүп жүрүп, кайыкта калып калышкан.

Бир нече күбөлөр аларды суудан чыгарууга жардам берип, тез жардам кызматы келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кийинчерээк окуя болгон жерге тез жардам кызматкерлери жана жарандык коргоо кызматкерлери келип, жабырлануучуларды ооруканага жеткиришкен.

Медициналык аракеттерге карабастан, 48 жаштагы аял каза болгон. 23 жаштагы жабырлануучунун абалы туруктуу.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Мальтада орун алган окуя боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Мальтадагы Сент-Жордж булуңунда кыргызстандык жарандын өлүмү тууралуу расмий маалымат алгандан кийин, өлкөнүн Италиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу иштерин жүргүзүп жатат.

«Учурда дипломатиялык миссия маркумдун сөөгүн мекенине кайтаруу, ар тараптуу консулдук жардам көрсөтүү, бардык зарыл болгон процедураларды колдоо жана кыргызстандык аялдын туугандары менен тынымсыз түз байланышты сактоо маселелерин карап чыгууну улантууда», — деп белгилешти Тышкы иштер министрлиги.

Тектеш кабарлар

Back to top button