Президент: МИК келечекте айылдарга чейин үй куруу иштерин жүргүзөт деп пландалууда

Мамлекеттик ипотекалык компания келечекте айылдарга чейин үй куруу иштерин жүргүзөт деп пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн «Мурас» турак жай комплексинен батирлерди жарандарга тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бүтүндөй айылдарды жаңыртып, канализация, тазалоочу курулмаларды, заманбап шарттары, ысык суусу бар үйлөрдү куруу керек.
“Ипотекалык компания бай болсо, кайсы убакта кааласаңар дагы үй менен камсыз кылат.
Себеби, биз келечекте айылдарга чейин барышыбыз керек. Бүтүндөй айылдарды жаңыртышыбыз кажет. Канализация, тазалоочу курулмаларды, заманбап шарттары, ысык суусу бар үйлөрдү куруп беришибиз керек.
Мамлекеттик ипотекалык компания ушул иштерди аткарат деген келечектүү 50-100 жылдык план менен баратабыз”, — деди президент.


