Коом
Суусамыр өрөөнүндө сууктан улам 4 мектеп аралыктан окууга өттү

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы 4 мектеп сууктан улам аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Азизбек Манапов маалымдады.
Анын айтуусу боюнча аба ырайы түнкүсүн -48 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -33-35 градустун тегерегинде болууда.
“Катуу сууктан улам Тунук, Суусамыр, Биринчи май жана Кожомкул айылдарындагы мектептер бир жумага аралыктан окууга таратылды”,-деди ал.



