Коом

Нарын районундагы бардык мектептер жабылды

-35 градуска чейин төмөн түшүп жаткан аба ырайына байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүнкү штабдык отурум учурунда кабыл алынган.

“Биздин мектептер негизинен кыш мезгилине толугу менен даяр. Балдардын аралыктан окууга өтүүсүнө сырттагы суук себеп болууда. Андан сырткары, ӨКМ аймактагы суук 19-январга чейин күчүндө болорун билдирди. Ошондуктан, алыс жактардан, тоо этектеринен келген балдардын коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүү максатында аларды тараттык. Ал эми бала бакчалар иштеп жатат”,-деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button