ИИМ жарандарды коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милициянын талаптарына баш ийүүгө чакырат

Социалдык тармактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери жаранды түртүп, кулатты деген видео тараган. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.
Анда белгиленгендей, бул күнү жол тескөөчүлөргө оор кылмышты жасоого шектелип кармалган адамды куралдуу күзөт менен алып өтүүгө байланыштуу жолдон тоскоолдуксуз өтүү боюнча тапшырма берилген. Жол тескөөчү унаа кыймылын жана жарандарды убактылуу токтотуп жаткан маалда, анын мыйзамдуу талабына баш ийбеген жаран жолдон өтүүгө аракет кылган.
Кызматкер жаранды жол бөлүгүнөн ыкчам алып чыгууга аракет көргөн учурда, жаран тең салмактуулугун жоготуп жыгылган. Окуяга күбө болгон жарандардын бири аны дароо коопсуз жерге алып чыккан.
Мындан улам министрлик жарандарды коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө чакырат.


