Коом
Кыргызстанга гепатитке каршы 250 миң доза вакцина келди

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев билдирди.
Анын айтымында, бул вакцина үч жолу сайылат. Аны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз алууга болот, ошондой эле гепатиттке акысыз тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Министрликтин көрүп жаткан чаралары ооруну эрте аныктоого багытталганын белгиледи.



