Маданият
Республикалык “Айтыш-2026га” акындар тандалды

Бишкек шаарында республикалык “Айтыш-2026га” акындар тандалып алынды. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айтыш Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата өткөрүлүп, байге фонду 2 млн сом деп мерчемделген.
Ал эми анын финалдык бөлүгү 17-январь күнү саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Тандоо турунан төмөндөгү акындар өтүштү:
- Акматбек Султан уулу 59 упай
- Аккыз Абасбекова 59 упай
- Элмирбек Иманалиев 59 упай
- Турат Жумаев 59 упай
- Мундузбек Борончуев 58 упай
- Баян Акматов 58 упай
- Жылдызбек Төраканов 58 упай
- Мамел Исраилов 57 упай
- Бердибек Жолдошбеков 57 упай
- Элмирбек Бейшеналиев 57 упай
- Арген Биймырза уулу 57 упай
- Темирбек Матыбаев 57 упай



