Коом

«Тазалык» ишканасы каза болгон кызматкерлерине арнап куран окутуп, түлө өткөрдү

«Тазалык» муниципалдык ишканасы 2025–2026-жылдар эмгек жамааты үчүн оор болгонун, анткени кайгылуу окуялардын кесепетинен кызматкерлер каза болуп, айрымдары жабыркаганын билдирди. Ишкананын жетекчилиги бул жоготуулар кесиптештердин жүрөгүндө терең из калтырганын белгиледи.

Кызматкерлердин элесин эскерүү жана алардын коопсуздугу үчүн дуба кылуу максатында МП «Тазалык» түлө өткөрдү. Иш-чаранын алкагында маркумдардын арбагына куран окулуп, садака берилди.

Ишкана кызматкерлеринин амандыгын, коопсуздугун тилеп, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Эске салсак, кайгылуу окуя 30-декабрда «Аламедин-1» кичи районунда болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, «Тазалык» ишканасынын бир кызматкери тайгаланып каналга кулап кеткен. Аны куткарууга аракет кылган дагы эки кесиптеши да күчтүү агымга агып кетип, үчөө тең каза болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button