УКМК: Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын орду толтурулду

Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталганы айтылат.


Тактап айтканда, Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түздү. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында толугу менен өндүрүлдү.

УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.





