Орунбеков: 50 журналистке кезексиз ипотекалык батир берилет

2026-жылдын апрель айынан тартып мамлекеттик телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Спутник маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Ошондой эле ал белгилегендей, 2026-жылдын февраль айынан тартып «Мир» ТРКнын улуттук филиалында айлык көтөрүлөт.
«Медиа жана журналистика тармагында эмгектенгендерди шыктандыруу максатында президенттин «Мейкин» улуттук сыйлыгы уюштурулду. Ал эки жылда бир өткөрүлүп, 10 номинация боюнча жалпы байге фонду 10 млн сомду түзөт. 2024- жылы өлкө башчынын катышуусунда биринчи иш-чарабыз өткөрүлүп, бүткүл улуттук журналистиканы бириктирген масштабдуу окуя болуп калды», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Орунбеков мамлекеттик жана жеке медиаларда иштеген 50 журналистке Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезексиз батир алуу боюнча тескеме чыкты. Бул турак жайга муктаж адистерди социалдык жактан колдоонун маанилүү кадамы. Тизмеде көп жылдан бери үйү жок, унаасында жашап иштеген, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой жана көзү өтүп кеткен журналисттин артында калган үй-бүлөлөрү бар.



