Коом
17-январга карата аба ырайы

Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Көпчүлүк жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Талас, Чүй облустарында -1…-6,
Ысык-Көл чөлкөмүндө -1…+4,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -2…+3,
Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -3…-5,
Ош шаарында 1…3 градусту түзөт.



