Президент Абдылдажан Акматалиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун атынан Абдылдажан Акматалиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Абдылдажан Акматалиев — адабият таануучу, кыргыз фольклорун, “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөчү, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн 700дөн ашуун илимий эмгектин автору, илимге эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, II жана III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Куттуктоодо маареке ээсинин кыргыз гуманитардык илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкону белгиленет. Анын манастаануу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жана кыргыз элдик оозеки мурасын изилдөө боюнча эмгектеринин аркасында кыргыз маданияты дүйнөлүк илимий мейкиндикте таанылганы баса көрсөтүлгөн.



