Коом

Нобель комитети Тынчтык сыйлыгынын Трампка берилишине комментарий берди

Норвегиянын Нобель комитети Венесуэладагы оппозициянын лидери Мария Корина Мачадо Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын АКШнын президенти Дональд Трампка тапшырганына байланыштуу комментарий берди.

«Нобель сыйлыгы жарыялангандан кийин аны жокко чыгарууга, бөлүштүрүүгө же башка адамдарга өткөрүп берүүгө болбойт. Чечим акыркы болуп саналат жана түбөлүккө күчүндө калат… Медаль ээси алмашышы мүмкүн, бирок Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты деген наам өзгөрбөйт», — деп айтылат комитеттин Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Ага чейин Мария Корина Мачадо өзүнүн Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын АКШнын президенти Дональд Трампка тапшырганын билдирген. Ал жана Дональд Трамп Венесуэладагы кырдаалды талкуулоо үчүн Ак үйдө жолугушкан, алардын сүйлөшүүсү эки сааттан ашык убакытка созулган.

2025-жылдагы Нобель тынчтык сыйлыгы Мария Корина Мачадого «Венесуэла эли үчүн демократиялык укуктарды илгерилетүү боюнча тынымсыз иши» үчүн ыйгарылган. Ал эми Дональд Трамп өзү да бир нече жолу тынчтыкты сактоого багытталган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экенин айтып келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button