Окуялар
Бишкекте жигит сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган деп кармалды

Бишкекте жигит сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган, бирок кыз качып кутулган. Милиция аны өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан учурда кармаганын өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 15-январда болгон. Жигит менен кыздын ортосунда чыр чыгып, жигит кызды шаардын сыртына алып чыккан.
Маалыматты Свердлов РИИБ тастыктап, мекеменин маалымат кызматы жигит Жумабек көчөсүндө кызды күч менен унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетип, өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди.
Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



