Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

18-январда Бишкек шаарында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлады.
Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агенттиктин директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, хоккей федерациясынын президенти Анвар Омурканов, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.
Чемпионаттын ачылыш күнүндө турнирдин кожоюндары болгон Кыргыз Республикасынын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешти.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы Гонконгдун (Кытай) командасын 4:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, хоккей боюнча U-20 дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат. Турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашат.



