Маданият

Кыргызстанда заманбап үн жаздыруу студиясы ачылат

Кыргызстанда кино өндүрүшүнүн инфраструктурасын масштабдуу түрдө жаңылоо, анын ичинде өлкөдөгү алгачкы кинопавильонду жана заманбап үн жаздыруу студиясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.

Анын айтымында, Кинематография департаменти 2026-жылга амбициялуу максаттарды койду. Кинопавильон салуу долбоору титулдук тизмеге киргизилип, Курулуш министрлиги менен биргеликте иштер башталды.

Марат Тагаев белгилегендей, учурда ата мекендик кинематографисттер тасмаларды сапаттуу үндөш үчүн чет өлкөлөргө барууга мажбур болуп, буга 15 миңден 20 миң долларга чейин каражат жумшашат.

«2026-жылы Кыргызстанда Dolby Atmos стандартындагы үн жаздыруу студиясын ачууну пландап жатабыз. Бул тасманы жараткандан кийинки монтаждоо жана үндөө иштеринин (постпродакшн) толук циклин өз өлкөбүздө өткөрүүгө шарт түзөт», — деди министрдин орун басары.

Муну менен катар, тармакка көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоонун олуттуу түрдө көбөйгөндүгү айтылды. Эгерде 2020-жылга чейин кино тармагына 100 млн сомго жетпеген каражат бөлүнсө, 2025-2026-жылдары каржылоонун көлөмү 1 млрд сомго жетти. Ошентип, акыркы беш жылда кино өндүрүшүнүн бюджети 10 эсеге өстү.

Сапатты көзөмөлдөө жана «Бир терезе» системасы Каржылоонун көбөйүшү менен бирге тасмалардын мазмунуна жана сапатына болгон талаптар да күчөтүлүүдө. Маданият министрлиги чыгарылып жаткан тасмалардын көрүүчүлөрдүн суроо-талабына канчалык жооп берерин жана чет элдик рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн талдап чыкты.

Иштерди оптималдаштыруу үчүн «Бир терезе» системасы киргизилүүдө. Сценарийлер «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» мекемелеринин көркөм кеңештеринен өтөт. Ал эми тасманы тартуунун максаттуулугу тууралуу акыркы чечимди Кинематография департаментинин алдындагы көркөм-эксперттик кеңеш кабыл алат.

Тектеш кабарлар

Back to top button