«Сынган кылыч» аттуу толук метраждуу көркөм фильм тартуу пландалууда

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди. Ал депутаттардын улуттук идеологияга жооп берген масштабдуу улуттук тасмаларды көбүрөөк тартуу зарылдыгы тууралуу пикирине жооп берди.
Анын айтымында, бул абдан актуалдуу маселе болуп саналат жана учурда ушундай ири тасмаларды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.
«Он жыл мурда “Курманжан датка” тасмасы тартылган, ошондон бери масштабдуу фильмдер жаратыла элек. Бирок азыр биз Төлөгөн Касымбековдун чыгармасынын негизинде “Сынган кылыч” аттуу толук кандуу көркөм тасма тартууну көздөп жатабыз. Азыр смета бекитилип жатат, сценарийди жазууга драматург Султан Раев макулдугун берди. Оюмча, фильмдин тартуу иштери 2026-жылдын аягында же 2027-жылдын башында башталат», — деп баса белгиледи Марат Тагаев.
Ошондой эле ал быйыл Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган даректүү фильм тартуу планы бар экенин айтты.
«Муну менен катар айрым жеке инсандарга арналган даректүү тасмалардын саны бир нече эсеге кыскартылат. Буга чейин мамлекеттик органдардын тапшырмасы менен “Кыргызфильмге” 70–80 жаштагы юбилярлардын көзү тирүүсүндө алар тууралуу даректүү тасмалар же “Бейне” сыяктуу көрсөтүүлөрдү тартуу боюнча өтүнмөлөр келип турчу. Эми биз мындай практиканы олуттуу түрдө кыскартабыз», — деп кошумчалады аткаминер.



