Коом

Бишкекте медборбор куруп жаткан компанияга айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, рейддин алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Алсак, имаратты жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн «Палладий Групп» ЖЧКсына карата 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды мыйзамдарга ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин талаптарын так аткарууга, курулуш иштерин белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button